“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жыл мугалими — 2016. Жайыл району.

16 Апрель 2016 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны: 96

-Саламатсыздарбы, урматтуу окурмандар. Сиздер менен «Ак кептер». Бул чыгарылышта биз сиздерге Жайыл районундагы «Жыл мугалими — 2016» конкурсунун жеңүүчүсү Абдылдабекова Гүлмира Тентиевна тууралуу айтып бермекчибиз. Кенениреек маалыматты конкурстун жеңүүчүсүнөн алсак: 20160412_155902

-Мен Суусамыр өрөөнүндөгү Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектепте кыргыз тилинен сабак берем. Ошондой эле директордун тарбия иштери боюнча орун басарымын. Эмгек стажым 14 жыл 6 ай. Үч баланын энесимин. Балдар менен иштөө мага өтө кызык. Бүт менин жашоом-мектеп жана балдар.  DSC_0761Мектепте кароо сынакта жеңишке ээ болуп, районго сынакка жиберилдим. Районго керектүү документтерди жөнөнттүм жана ошондой эле «Билим берүү системасындагы көйгөйлөргө менин көз карашым» деген темада доклад жасадым. Тесттке даярданып, тесттен өттүм. Андан кийин презентация жасадым да, Новониколаевка мектебинде 10-класска адабият сабагынан «Алыкул Осмоновдун лирикалары» деген темада сабак өттүм. DSC_0849

-Гүлмира Тентиевна, конкурска кандай даярдандыңыз, кандай кыйынчылыктар болду?

-Конкурс болот деп, буйрук чыккандан бери болгон күч аракетимди жумшап, изденип жаттым. Үй бүлөөм да, коллегаларым да, мага жардам берип жатышты. Чынын айтсам, өтө берилүү менен даярдандым. Кээ бир аял затына тиешелүү жумуштар калып калып жатты, бирок жолдошум ага капа болбой мага жардам берди.  20160412_155936

-Сиздер «Жыл мугалими» конкурсунун жеңүүчүсү Абдылдабекова Гүлмира Тентиевнанын «Ак кептердин» ыктыярчылары менен болгон маегин уктуңуздар. Гүлмира эжебизге чың ден соолук, мугалимдик кесиптеги албан, албан ийгиликтерди каалайбыз. Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Гүлзаада Бейшенбекова, Сабина Кадырбекова, 15-апрель, 2016-жыл, «Ак кептер».

      Jyl mugalimi-16