“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кыргыз конституциясы

4 Май 2016 жыл 22:22
Көрүүлөрдүн саны: 84

 

      Kyrgyz konstitutsiasy

-Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу айылдаштар. Эфирде «Ак кептер». 5-май — Кыргыз Конституциясынын күнү — майрам күн. Конституция деген эмне? Биздин конституция качан кабыл алынган? Мына ушу тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мугалимдеринен жана айыл тургундарынан кыскача маалымат алсак. Сөздү айыл аксакалы Канысбек карыяга сунсак. karta

-Биздин Конституция 1993-жылы 5-майда «Легендарлуу» парламент тарабынан кабыл алынган. Ошол Конституциянын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев. Бул Конституция эң мыкты Конституция. Тең укуктуулукту сактайт. Мына ушу Конституциянын негизинде мамлекетибиз өсүп-өнүгүп келе жатат.

karta2

-Сөздү мектептин мугалими Гүлжан эжеге берсек:

135px-Flag_Kirgizii

-Конституция-мамлекеттин негизги мыйзамы. Конституция деген сөз латын тилинен алынган-«орнотуу», «түзүлүш» дегенди билдирет. Конституция негизги мыйзам катары жарандардын укук-эркиндигин, мамлекеттин түзүлүшүн, мамлекеттик органдардын тутумун белгилеп, аларды түзүү жана иштөө тартибин аныктайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан чоң талкуудан өтүп, 1993-жылы, 5-майда кабыл алынган. Бул күн кыргыз эли үчүн майрам күн болуп калды.

gerb

-Эми мектептин мугалими Колбаев Нурбектин Конституция тууралуу кебине көңүл бурсак:

-Ар бир мамлекет эгемендүүлүкө жеткенден кийин өздөрүнүн мамлекеттик ыйык белгилери болуш керек. Анын баары тең Конституция менен бекилет. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден кийин өзүнүн туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы бар. Мунун баары тең Кыргыз Конституциясынын 6-статьясында белгиленген. Биздин Конституция 1993-жылы, 5-майда кабыл алынган. Конституция негизги ролу — Конституция менен ар бир мамлекет жашайт. Биздин Конституцияны бузабыз деп, Акаев менен Бакиев өлкөдөн куулуп, качып кетишти.Roza  2010-жылы кабыл алынган Конституция 2020-жылга чейин эч өзгөрүүсүз иштейт.

-Урматтуу, айылдаштар сиздер Кыргыз Конституциясы тууралуу маек уктуңуздар. Майрамыңыздар куттуу болсун. Кыргыз Конституциясы эл үчүн кызмат кылсын. Сак саламатта болуңуздар.

-Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Талдыбекова Таазим, Саткынбаев Сыргак, 4-май, 2016-жыл, «Ак кептер».