“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мургабтан келген кайрылман.

4 Май 2016 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны: 30
      Murgabdyk-aksakal

-Саламатсыздарбы урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Ак кептер». Сиздер менен Данияр кызы Назик. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздер менен Тажикстандын  MurgabМургаб районунан көчүп келген кайрылман Эгемкулов Дөңкөбай аксакал тууралуу айтып берели деп чечтик. Кененирээк маалыматты аксакалдын өзүнөн алсак: 20160426_104501Мургабский

-Мургаб районунан Хорог деген облусунан 2004-жылы декабрда келгенбиз. Murgab3 Кара-Балтада жашап жүрдүм, балдарым иштейт, өзүм пенсияда 6000 миң сом алам. Балам тракторист болуп иштейт, бир балам үч кызым бар. Кыздарым да ушул жакта, инилерим Ошто жашайт. Murgab4

-Сиздин балалыгыңыз согуш жылдарына туш келиптир. Ошол убак жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз.

— Мен ошондо  5-класс элем военкомат келди да, сабак окуп жатканда алып кетти, балдар ата-энесин да көргөн жок. Ата-энеси мал багып тоодо болгон. Ошону менен бир бала келди, калгандардын баары согуштан келген жок. Бир баладан кара кагаз келди каза болду деп, калганынан кара кагаз, документ да келген жок. Ата-энелерин көрбөй кетти. Бир класста кыздар, балдар болуп 40 окуучу элек, ошолордун баары каза болду мына мен эле калдым азыр 89 жашка келдим.

-Азыркы жашооңуз кандай? Баарына ыраазысыңарбы?

-Кудайга шүгүр туугандарым бар, балдарым бар, Кара-Балтада жашап жатабыз, эл менен эл болдук, баары менен тааныштык.

Murgab2

-Урматтуу угуучулар, сиздер Мургаб районунан келип, Кара-Балтанын Алексеевка айылында жашап калган Эгемкулов Дөңкөбай туралуу маалымат алдыңыздар. Мына ушинтип, саясий экономикалык туруксуздуктун айынан чет өлкөлөрдөн көчүп келген мекендештерибизге ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз күнүңүздөр көңүлдүү улансын сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар:Данияр кызы Назик, Таазим Талдыбекова, «Ак кептер» медиаборбору, 4-май, 2016-жыл.