—

Заводго өткөрсөң кумшекерин аласың, тоннасына 75 кг берет. Быйыл арпа, буудай, жүгөрү, беде урук, чөп өтө арзан болуп, ошондуктан көп дыйкандар кызылча себүүгө өтүштү деп ойлойм. Кызылча сепсең бала-бакыра кенен-чонон кумшекер жейт экен. Былтыр кырк сотук себип кырк тонна кызылча алдык. Пайда жакшы болду. Алган акчабызды үй салууга жумшадык. Быйыл да кызылчанын чыгышы жакшы, буюрса түшүм жакшы болот окшойт.
-Эмки сөздү Абылбаев Болот менен келинчеги Айгүл эжеге сунсак.
-Кызылчаны кумшекер алуу үчүн себебиз,-дейт Айгүл эже.
-Кызылча кымбаттады, ошон үчүн эл кызылча себүүгө өтүп жатышат. Башка пайда түшүрө турган вариант жок. Дыйкандардын иши ошо да.
— Сөз кезегин Калыс байкебизге берели: 
— Менин атым Молдраимов Калыс, Кара-Суунун тургуну болом. Кызылчадан башкадан пайда жок, ошон үчүн кызылча септик. Экинчи отоосун отоп койдук. Буйруса кызылча жакшы көтөрүлдү. 
-Сиздер уккандай быйыл Кара-Суу айылынын көпчүлүк дыйкандары кызылча себишти. Анткени кант кызылчасын өткөрүп жиберүү оңой, баасы дагы дыйкандарды канааттандырат. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз.
Кызылча сепкен дыйкандарыбызга мол түшүм каалайбыз. Сак саламатта калыңыздар. Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Бексултанова Айгерим,Данияр кызы Элиза,Анвар кызы Айзада, 6-май, 2016-жыл, «Ак кептер».