“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Фронтовик Макеев Молдобек.

7 Май 2016 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны: 51
      Макеев Молдобек

-Саламатсыздарбы урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары, кутмандуу кунуңүздөр менен.Эфирде «Ак кептер» медиаборбору. Сиздер менен Кнатов Ноорузбай. Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын фронтовиктери тууралуу айтып бермекчибиз. 20160507_110402 Айылыбыздын фронтовиктеринин бири улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Макеев Молдобек. Кененирээк маалыматты баласы Молдобеков Эсенбектен алсак: 20150321_111318
-Макеев Молдобек атабыз улуу Ата Мекендик согуштун ветераны. 1942-1945 жылга чейин батыш Украинадан Берлинге чейин жетип, кайтып келген. Макеев Молдобек 1903-жылы январь айында төрөлгөн, ал киши согуштан кайтып келгенден кийин айылдын башкармасы болуп, айылдын барктуу, даңктуу адамдарынын бири болгон. 1970-жылы 31-майда дүйнөдөн кайткан. 20160507_104008
-«Ак кептер» медиа борборунун атынан Макеев Молдобек чоң атабыздын уй бүлөсүнө чоң чоң ийгиликтерди каалайбыз, 9-май Жеңиш күнү менен куттуктайбыз. Сак саламатта калыңыздар ишиңиздер ийгиликтүү улансын.
-Даярдагандар:Кнатова Айдана, Чакчагаев Султаналы, «Ак кептер» медиа борбору 7-май 2016-жыл.