“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Фронтовик Жамгырчиев Салый.

7 Май 2016 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны: 105
      Жамгырчиев Салый

-Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу, Кара-Суулуктар. Эфирде «Ак кептер» медиаборбору. Фронтовиктер репортаждар циклинен бүгүн биз сиздерге 20160507_103433-1 улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жамгырчиев Салый тууралу айтып бермекчибиз. Ал киши тууралуу кененирээк маалыматты баласы Жамгырчиев Акылбектен алсак: IMG_20160329_140538
-Мен Жамгырчиев Акылбек. Жамгырчиев Салыйдын баласымын, атам 1912-жылы Кара-Суу айылында туулган. 1939-жылы бир туугандары менен Украинага айдалып кетип, ошол жакта колхоздо иштеп жүрдү, кийин 1941-жылы согуштун алдында айылына кайтып келип, согушка кеткен. Согуштан эки жолу бутунан жарадар болуп, жаралары айыккандан кийин кайра согушка катышкан. 1945-жылы согуштан кайтып келип, айылда колхоздо иштеген айыл чарбасын көтөрүүдө салымын кошкон. 1982-жылы дүйнөдөн кайткан. Үч кызы, эки уулу бар. 20160507_101357
— «Ак кептер» медиаборборунун атынан фронтовик Жамгырчиев Салыйдын үй бүлөсүнө, жубайы Жамгырчиева Бүкөнгө, балдарына чын ден соолук каалайбыз.
— -Даярдагандар:Кнатова Айдана, Айдай Канусбекова+ Чакчагаев Султаналы, «Ак кептер» медиаборбору, 7-май, 2016-жыл.