“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

2016-жылы 2-майда Клооп Медиада болуп өткөн тренинг.

10 Май 2016 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 83
      Клооптогу тренинг

-Кутмандуу күнүнүздөр менен урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары, эфирде «Ак кептер» медиа борбору. Студияда Айдана Кнатова. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге 2-майда Клооп Медиада болуп өткөн тренинг тууралуу айтып 20160502_154037бермекчибиз. Бул тренингке Кара-Суу айылынын «Ак кептер» медиа борборунун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор жазганды үйрөнүштү. Кененирээк маалыматты «Ак кептер» медиа борборунун волонтеру Сатыбекова Мединадан алсак:DSC_0879
-Тренингди Клооп Медиа борборунун аткаруучу директору Галина Ивановна Гапарова өттү. Тренингте Галина Ивановна кичи долбоорду кантип жазуу керек экендигин, жана ага 20160502_154017бюджетти кантип түзүү керектиги жөнүндө айтып берди. Долбоорду жазууда волонтерлорду эки топко бөлдү. Биринчи группада Азаркулова Элина, Таштанов Элдос, Кадырбеков Сабина, Туратбеков Азирет, Талдыбекова Таазим бул группа Ставрополавка айылына «Ак кептер» медиа борборунун филиалын ачуу тууралуу долбоор жазышты. SAM_0744Ал эми экинчи группада Кнатова Айдана, Бейшенбекова Гулзаада, Сатыбеков Медина, Кануспекова Айдай, Акматов Искен бул группа болсо Кара-Суу айылында жаштардын көйгөйлүү маселеси тууралуу даректүү тасма тартуу жөнүндө долбоор жазышты. Эгерде эки долбоор тең колдоого ээ болсо жакшы болот эле. Волонтерлор тасма тартканды жана аны монтаждаганды үйрөнүшмөк ошондой эле эки айылдын жаштар ортосундагы карым катнашы күчөмөк.
Даярдагандар:Айдана Кнатова, Чакчагаев Султаналы, «Ак кептер» медиа борбору, 10-май 2016-жыл.