“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Зарлык жана Дамира Карабаевдер.

7 Июнь 2016 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны: 151

-Кара-Балта шаары Кыргызстандын өсүп,өнүгүп жаткан шаарларынын бири.Бул шаарда ар кандай зовод-фабрикалар,окуу жайлар, Жайыл районунун акимиаты, оорукананлар жана ошондой эле райондун элге кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекемелеринин баардыгы Кара-Балтада. DSC_0117
«Эркин» базарынан мал базар жакка кеткен жолунун оң жагында, Кара-Суу, Степное аялдамасынын так кана жанында Кара-Балтанын жем, урук сата турган бөлүмү жайланышкан. Мына ушул жерде жем, урук менен соода кылышкан соодагерлердин бир тобу иштешет. Райондун тургундарынын баардыгы мына ушул жерден — арпа, буудай,софлор,кызылча,жүгөрү ж.б.уруктарды алышат. DSC_0118
Бул жердеги соодагерлер жалаң гана районубуздун дыйкандарын, тургундарын урук менен камсыз кылбайт,алар,мисалы-беденин уругу менен бүт республиканы камсыз кылышат жана ошондой эле кээде чет өлкөгө өз продукциясын сатышат.
Кара-Балтанын «Эркин» базарында, көп убактан бери,Зарлык жана Дамира Карабаевдер эмгектенип келе жатышат. Алар Ак Башат айылынан. Айылда да бир топ жыл жер менен иштешип, кийин соода жагына өтүшүп, шаарга келип алышкан.DSC_0119
Жакында биздин ыктыярчылар жем, урук саткан Зарлык Карабаев менен маек куруп келишти эле,сиздерди ошол маек менен тааныштырып кетели.
-Быйыл сиздердин базарда жемдин,арпа — буудайдын баасы кандай болду ошо жөнүндө айта кетсеңиз.
-Бул жылы негизинен баардыгы эле арзан болду: мисалы-арпа-буудайдын баасы 7-9 сомдун тегерегинде болду, жүгөрүнүкү 10 сом. Былтыр түшүм мол болуп, ошондон арзанчылык болуп жатат окшойт. Элге эле жакшы арзанчылык болсо. Мына быйыл да жамгыр жаап жатат, буйруса түшүм мол болот.
-Беденин уругунун баасы кандай болду?DSC_0124
-Беденин уругунун баасы быйыл 150 сомго барып токтоду, андан ашкан жок. беденин уругу да көп өндүрүлгөн болуш керек, ошондуктан баасы көтөрүлгөн жок быйыл.
Мына ушул жерде иштеп жаткан соодагерлер таң эртеден баштап жумушка чыгабыз,оокат кылыш керек да, биз деле анча кошуп сатбайбыз. Элге арзан болсо деп тилейбиз.Арзан болсо, соода да жүрүп турат. Бизге ошо кызык, — дейт Зарлык Карабаев — «Эркин» базарынын соодагери. DSC_0115
-«Ак кептердин» атынан Зарлык менен ДамиратКарабаевдерге чың ден соолук, иштериндеги ийгиликтерди, үй-бүлөөдөгү ырыс-ынтымакты каалайбыз.
-Сак саламатта болуңуздар.
-Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Чакчагаев Султаналы, 7-июнь, 2016-жыл, «Ак кептер».