“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылындагы беде урук көйгөйү.

8 Сентябрь 2016 жыл 10:16
Көрүүлөрдүн саны: 100
      Aziret

Саламатсыздарбы урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Ак кептер» мулти медиа борбору студияда Гүлзада Бейшенбекова, Азирет Туратбеков. Бул чыгарылышта биз сиздерге айылдагы беде урук көйгөйү тууралу айтып бермекчибиз. Анда  эмесе сөздү айыл тургундарына сунсак. 20160907_175621

-Мен Жаныбек Ибраимов. Быйыл урук начар болуп калды. Жаан-чачын  ошонун кесепетинен түшүмгө аябай кесепетин тийгизип койду. Беделерин урукка тыштаган беделердин алдынан көк чыгып, урукту бышырбай начар болуп калды.20160907_175040 Айылдагы урукка тыштаган кишилер кайта беде кылып чаап сатканга мажбур болушту. Эмне кылабыз жаандын көп болгону да пайдасы жок экен. Быйыл урук беденин баасы котөрүлөт дейт. Азыр урук беденин баасы 110-120 сом болуп жатат. Урук жок болуп жатат сатканга. Буйруганын алып жатабыз. Кургап, элегенден кийин билинет.  20160907_175136

-Мен,Тынтык Ашырбек уулу. Урукту жаңы чабып баштадык. Буйруса көрөбүз эми баасы кымбаттпы, арзанбы. Азыр жаан-чачынга байланышттуу беденин арасында курттар көбөйүп кетиптир. Алар сууга көбөйүп жатат деп ойлойм. Түшүмдү көрөбүз буйруса.

Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Гүлзада Бейшенбекова, Азирет Туратбеков.

7-сентябрь 2016-жыл.