“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын клубунун абалы начар.

21 Сентябрь 2016 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны: 36

                Саламатсыздарбы Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде “Ак кептер” мульти медиа борбору сиздер менен мен Элзат Жумалиев. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылынын клубу жөнүндө айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты айылдын тургундарынан алсак.20160915-0005-Мен Арал Алиев. Биздин клуб негизи СССРдин убагында салынган. 2006-жылы Кара-Суу айылынын өкмөтү атайын клубка акча бөлүп, балдарга ремонт кылдырган. Мына эми ошондон бери клубдун  акыбалы жаман. Клубду оңдоп койсо жаштарга жакшы болмок. Кирип чыгып ар кандай иш-чараларды уюштурушмак. Айыл өкмөтү жардам кылса жакшы болмок. Айылдык балдар акча чогултуп оңдоп койсокпу деп жатышат. Эң негизи клубдун ичин оңдоп. Анан кийин эшик-терезелерин оңдоп коюш керек.20160915-0016

-Мен Мамбеткулов Уран. Биздин клубдун абалы начар. Клубдун үстү түшүп калган, терезели сынып жок болду. Эшиктерин жулуп кетишкен,  клубдун ичи кой сарай болуп калган. Эми ушуну айыл жаштары чогулуп акча чогултуп клубду ремонт кылып койсо жакшы болмок.

-Мен Султанаалы Чакчагаев. Биздин айылдагы клубу көп жылдан бери иштебейт. Айыл өкмөткө жаштар кайрылса жакшы болмок. Клуб айылдын ортосунда турат. Чогулуштарда келген кишилерге кайрылсак айыл өкмөткө шылташат. Айыл өкмөт акча жок деп келе жатат. Бизде ар кандай иш чаралар мектептин спорт залында болот. Качан клуб салынат аны бир кудай билет.
20160915-0021

Силер так маалыматты Кара-Суу айылынын тургундарынан алдыңар. Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз.  Сак саламатта калыңыздар!

Даярдагандар: Элзат Жумабаев.   

21-сентябрь, 2016-жыл “Ак кептер”.

Редактор: Азирет Туратбеков.