“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды.

22 Сентябрь 2016 жыл 10:06
Көрүүлөрдүн саны: 125

      aziret00
6

 

Саламатсыздарбы, Кара-Суу айылынын тургундары.   Сиздер менен мен Сезим Дүйшекеева. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге күзгү түшүм тууралу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалымытты айылдын тургундарынан алсак.img_20160921_154814

-Мен, Төрөбек Алиев Кара-Суу айылынын айыл башчысы болом. Биздин Кара-Сууга жүгөрү сепсе жакшы түшүм берет. Мен быйыл талаага сеппей корого септим. Короомдон 3 тонна жүгөрү алдым. Эл  жакшы түшүм алышты, урук бедеге караганда жакшы болду. Жүгөрүнүн баасы базарда 5 сомдон кем эмес экен. Кара-Суу айылынын элине айтаар элем жүгөру сепкиле, жүгөрүдөн жакшы түшүм аласыңар.img_20160921_155108

-Мен, Марина Хамардин кызы. Быйыл түшүмүбүз буйруса жакшы. Жаңыдан чогултуп баштадык. Базарда жүгөрүнүн 5 сом,50 тыйын экен. Жүгөрүнү айдап жатканыбызка 6 жыл болуп калды. Жүгөрүнү кышында базарга алып барып сатабыз, майда-чүйдөгө жарап берет.

-Мен, Кымбат Алиева. Быйыл түшүм жамгырга байланыштуу жакшы деле болгон жок. Жүгөрүнүн баасы базарда арзан экен. Биз жүгөрүнү көп жылдан бери себип келебиз. Быйыл негизи өзүбүздүн жүгөрүбүз начар болуп калды. А арпа, буудай жакшы болду. Жүгөрүнүн пайдасы жакшы, малга берсең арпага караганда тоюмдуу болот.img_20160921_145711

-Быйыл Кара-Суу айылында жамгыр өтө көп жаады. Биздин айылдын тургундары айтып жатышат жүгөрүнүн жана кызылчанын түшүмү жамгыр жагандыктан жакшы болуп жатат деп. Буйруса быйыл жамгырдын жаашы менен жүгөрү жана кызылчанын түшүмү мол болот окшойт. Ал эми беде, арпа, буудай сыяктуу жашылчалардын түшүмү начар болуп калды. Буйруса жүгөрү жакшы болот окшойт.img_20160921_145706

Сиздер Кара-Суу айылынын күзгу түшүмдү жыйноо туралуу репортаж уктуңуздар. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак-саламатта калыңыздар!

Даярдагандар: Сезим Дүйшекеева, Канышай Алымбекова, Саида Джусупова.

22-сентябрь, 2016-жыл “Ак кептер” мулти медиа борбору.

Редактор: Азирет Туратбеков.