“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын тургундары кышка даярданууда.

18 Октябрь 2016 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны: 57

Кара-Суу айылынын тургундары кышка жакшы даярданышып, кышка керектүү нерселерди алышкан. img_20160929_190931 Кененирээк маалыматты айылдын тургундарынан алсак.

-Мен, Мамбеткулов Уран, кышкы даярдыкка биринчи отун-суу камдап койдум. Малга жем, чөп жыйнадык. Кышка ар кандай жашылчалардан, жемиштерден салаттарды жана компотторду жазап койдук.img_20161015_154043

-Мен, Дүйшекеева Назира, быйыл кышка даярдык орто. Помидор жакшы болбой калды. Ошондой болсо дагы аракет кылып, кышка салат, сок, приправа жасап алдык. Малга чөп жыйнадык. Эми көмүр алып койсок болду.

-Мен, Капсаламова Света, быйыл биз кышка жакшы даярдандык. Биз талаага жүгөрү, кызылча сепкенбиз. Кызылчаны сатып көмүр алабыз 2-3 тонна. Анан тезек тартып алганбыз. Отун тартып алдык. Бизде кышка даярдык жакшы.img_20161015_154058

-Мен, Ибраимов Замирбек, биз быйыл кышка жакшы даярдандык. Жүгөрү сепкем жакшы болуп талаадан тартып алдык. Кызылча да себип, жаңы казып баштадым. Эми көмур алсам болду, баары жакшы болот.img_20160929_153142

Кара-Суу айылынын тургундары кышка карата керектүү нерселерди алышкан. Кыш эрте келгендиктен айылдын тургундары  кышка эрте даярданып башташкан.

Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз!img_20161015_145906_1

Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшекеева.

18-октябрь, 2016-жыл “Ак кептер” мултимедиа борбору. Сак саламатта калыңыздар!

Редактор:Азирет Туратбеков.