“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Германияга иш сапар 4

25 Ноябрь 2016 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны: 83

16.11.16 да, эртең менен, биз токтогон “Golden Tulip” мейманканасынан тамактанып алып, Берлиндин вокзалына жөнөп кеттик.Себеби биздин бул күн, 16-ноябрь, Гамбург шаарындагы –TIDE TV жана RADIO жамааттык медиасына, ошондой эле FSK (Эркин Радио) радиосуна барып алардын иши менен таанышуу, тажрыйба алыш, кызматташуу боюнча маек куруу үчүн арналмак. Германиянын борборунан 8-39 чыгып, саат 10-21 де Гамбург шаарынын вокзалына жетип келдик. Вокзалдын жанында эле жайгашкан “FURST BISMARK” мейманканасынан орун алдык да, бара турган жерибизге жөнөп кеттик.
Бул күндүн темасы “Жамааттык маалымат каражаттары аркылуу маалыматка жетүү, текшерүү жана аны даярдоо”.
TIDE академиясынын башчысы Христиан Майер биз менен маек куруп, өзү экскурсия өткөрдү. Бул медиаборбордун иши менен, студиялары менен, жабдыктары менен, кимдер иштешет баары жөнүндө айтып берди. Төмөнкү сүрөттө биздин делегация TIDE TV де:
dsc_0102 dsc_0121 dsc_0141
Бул медиада даярдалган материалдар обого абоненттик төлөөлөр аркылуу чыгарылат. Гамбургда ар бир батир 17 евро 76 cент радио жана теле үчүн төлөшөт экен. Ушул төлөмдөр аркылуу жамааттык медиалар каржыланат экен.
TIDE академиясынын студенттик ашканасынан тамактанып алып, саат 15-00 до FSK – эркин радиосуна,коммерциялык эмес радиосуна, ошондой эле жеке менчик радиосуна келдик. Бул радиону фирмалар эмес, жеке кишилер каржылай алат экен, программасынын мазмунуна кийлигише алат экен.
dsc_0137dsc_0151
FSK радиосунун жетекчиси.dsc_0152
Мына ошентип, Гамбург шаарындагы жамааттык медиалары менен да тааныштык. Бул медиаларда да негизинен кызыккан адамдар иштешет экен. Анткени айлык жок, же өтө эле аз экен. Волонтерлору көп экен. Мисалы TIDE де 250 чейин волонтерлор иштешет.

Даярдаган: С.Чакчагаев, “Ак кептер”, 2.16., Кара-Суу айылы.