17-ноябрда Гамбургдагы “FURST BISMARK” отелинен эртең мененки тамакты ичип, 9-38 де вокзалдан поездге түшүп, Берлинге сапар тарттык. Саат 11-21 де Берлинге келип калдык. Тамактанып алып, ОсОО WeTek Берлин деген медиаборборго жөнөп калдык. Бул жолугушуунун темасы :“Медиалык компетенттүүлүк жана жаштар менен иштөө”.
Бизди Джаспер Сварт тосуп алды. Ал бул медиаборбордун иши тууралуу айтып, баардыгын бизге көрсөттү. Бул жерде негизинен начар жашагандардын балдары келип, компьютерде иштегенди, программалоону үйрөнүшөт экен.
Андан кийин дагы бир жаштар менен иштеп, алардын эс алуусун уюштурган, биздин ДДТ сыяктуу, үйгө келдик. Ал жер OcOO Pfefferwerk Stadtkultur деп аталат экен.
Бул жерде музыкалык аспаптар, жата турган жай, ашкана, спортинвентарлар жана компьютер бар комнаталарда болдук. Бул жерде негизинен тартиби проблемалуу балдар-кыздар, ДЦП менен ооруган жана качкындар келип, күнүн өткөрүшөт экен.
Бүгүнкү күнү мейманканага кеч келдик, анткени акыркы бара турган жерди издеп жүрүп, араң таптык.
Ошентип, биздин дагы бир күнүбүз аягына келип жетти.