Быйыл Кара-Суу айылына 60 сантиметр кар жаады. Кардын калың жагандыгына байланыштуу үйлөрдүн жана сарайлардын чатырлары карды көтөрө албай кулап калды.
Кененирээк маалыматты Кара-Суу айылынын тургундарынан алсак.
Мен, Дүйшөналиев Рихард. Кара-Суу айылынын тургунумун. Кардын оор түшкөнүнүн себебинен үйлөрдүн чатырлары жана сарайлар каарды көтөрө албай кулап калды. Бирок каар кечинде жаады. Жабыркаган кишилер болгон жок.
Мен, Ибраимов Замир. Быйыл кар катуу жаагандыгына байланыштуу. Менин калидорум каарды көтөрө албай кулап калды.
Мен, Молдораимов Каныбек. Быйыл кыш эрте келгендиктен эл кыйналып жатат. Кар 60 сантимерт жаап салды. Сарайлар жана навестер карды көтөрө албай кулайын деп турат. Ичине кирейин десең коркосун кулап кетеби деп.
Кара-Суу айылына кар эрте жагандыктан айылдыктар кыйналып калышты.Кардын кесепетинен сарайдын ичиндеги арпа,буудай жана беде урук калың кардын астында калды.
Даярдаган: Сезим Дүйшекеева.
Тренер: Гүльзада Бейшенбекова
1-декабрь, 2016-жыл. «Ак кептер» мултимедиа борбору. Сак саламатта калыңыздар!