“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдык дыйкандарды кант кызылчасын себүүнүн технологиясын үйрөтүү.

7 Декабрь 2016 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 65

Бүгүн Кара-Суу айылына Бишкектеги TES центр деген организациядан келген агрономдор айылдыктарды кант кызылчасын кантип себүүнү үйрөтүштү.img-20161207-wa0023
Мен, Максат Кожомкулов. Бишкек шаарындагы ТЕS центр деген организациясынан келдик.ТЕS центр бул дыйкандарды айыл чарба багытында окутат. Силердин айылга келгенибиздин себеби. 2017-жылы Каинды кант заводу Жайыл району боюнча 1500 гектарга кант кызылчасын өстүрүүгө пландаштырып жатат. Эгерде силердин айылдагы дыйкандар кант кызылчасын айдайбыз десе, ошо 1500 гектардын ичинен өздөрүнүн гектарын киргизиши керек, биз да айдайбыз деп. Биз ошо боюнча маалымат берип жатабыз.img-20161207-wa0035
1500 гектардын ичине кириш үчүн дыйкандар эмне кылыш керек?
Биринчи талап: Кызылча айдайм деген жерин күзүндө айдап коюшу керек.
Экинчи талап: Кызылча сепкен жердин ордуна кызылча сеппеш керек. Кызылча ооруйт.
Үчүнчү талап: Биз айткан нерселерди бир жыл бою аткарыш керек.
Төртүнчү талап: Өз баасында келишим түзүлүп, ошол келишимдин негизинде, 2017-жылы дыйкандар кант кызылчасын алат.img-20161207-wa0026
Эгер дыйкандар башка уруктарды алып сепкен болсо, аны Каинды кант заводу албайт. Дыйкандар кант заводунан урук алган болсо, ошол дыйкандарга келишим түзүлөт. Ошол келишимдин негизинде дыйкандар өздөрүнүн кант кызылчасын заводко өткөрө алат. Келишим түзбөгөн дыйкандар 2017-жылы Каинды кант заводуна кант кызылчасын өткөрө албайт. Кара-Суу айылынан 150 гектар жерди иштетсекпи деген ойлору бар. Эгер дыйкандардын 150 гектар жери даяр болуп калса, биз аны проектке киргизебиз. Даяр эмес болуп калса биз башка айылдар менен иштеше беребиз. Биз жаздан баштап күзгө чейин кансультатция жүргүзөбүз. Консультация жүргүзүп жатканда аграномдор келет. Бул жерден биз бир жергиликтүү талаа консультатциясын шайлайбыз. Ар бир гектар үчүн 500 сом акча төлөйсүңөр. Ал акча шайлаган консультанттын айлыгы болот.img-20161207-wa0028
Биздин негизги максатыбыз 1 гектар жерден 60 тонна кант кызылчасын орточо эсеп менен алышыбыз керек. Негизги максатыбыз ошол дыйкандардын кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн көтөрүү,-деди ал!
Сиздер кант кызылчасынын уругун алсаңар Каинды кант заводунан алып, катталышыңар керек.
Биз ушуну менен берүүбүздү айактайбыз. “Ак кептер” мултимедиа борбору.Сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.