“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Сууда жергиликтүү кеңешти шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө.

7 Декабрь 2016 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны: 88

      shajloo
Кара-Суу айылында 11-декабрда жергиликтүү кеңешти шайлоо өтөт. Бул тууралу Кара-Суу айылынын №336-шайлоо участогунун төрайымы билдирди.img_20161207_142525

Мен, Гүлмира Джумалиева. №336-участоктун төрайымы болом. Быйыл 2016-жылы, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Конститутциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү референдумду өткөрүү жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөнү жатат.

Бул шайлоого канча жаштан катышса болот?

Бул шайлоого 18 жашка толгон жарандардын баары катыша алат жана айылдык депутаттарды шайлоо жана референдумга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча каршы же макулдугуңарды берүү үчүн шайлоо өткөрүлөт.img_20161206_133228769

Канча депутат өз мандаттарын коюшту?

Быйылкы биздин депутаттарыбыздын саны 11 деп айтылып жатат. Азыр депутаттардын аты-жөнү келе элек. Бул шайлоодо айылдык депутаттарыбызды шайлаганда биздин айылыбызга, өзүбүзкө керектүү иштей алам деген депутаттарды, шайлап алса жакшы болот.img_20161207_181050

Ал эми Конститутцияга өзгөртүү киргизүү боюнча биз макулдугубузду берсек жакшы болор эле.
Атайын гезиттер таратылды ошол жерде кайсыл жерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жазылган, ал жерде эмне себептен өзгөртүлгөнү жазылып турат. Ушуларды окуп билип өзүңөрдүн добушуңарды калтырсаңар болот,-деди ал.img_20161206_163947

Сиздер 11-декабрда боло турган шайлоо жөнүндө маалымат алдыңыздар.
Биз ушуну менен маегибизди аяктайбыз. Көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар!

Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.