“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында кар эрип жатат.

8 Декабрь 2016 жыл 19:17
Көрүүлөрдүн саны: 54

Быйыл Кара-Суу айылына калың кар жааган. Калың кардын кесепетинен айылдыктар кыйналышты.img_20161208_132715
2016-жылдын, октябрь жана ноябрь айы катуу суук болду. Катуу сууктун айынан көптөгөн дыйкандар өздөрүнүн эгиндерин кеч алып калышты. Кар катуу жаагандыктан кээбир үйлөрдүн, сарайлардын жана навезтердин чатырлары карды көтөрө албай кулап калган.img_20161208_133401
Быйылкы кыш мурдагы жылкыга караганда эрте келди. Бирок кар кандай жабасын айылдыктар калың карга карабастан өздөрүнүн жумуштарын кылып жүрө беришет.img_20161208_133416
Ызгардуу суук күндөр артта калды, декабрь айы келип айылга жылуулук алып келди. Ушул жылдын акыркы айында катуу жааган кар эрип баштады. Күн жылыган сайын көчөлөрдөгү жана талаалардагы карлар эрип баштады. Көчөлөрдүн баары балчыкка айланды.img_20161208_131324
Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сиздер Кара-Суу айылында болуп жаткан кубулуштар жөнүндө маалымат алдыңыздар. Көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн!