Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы №336 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешти шайлоодо, 11 киши өз кандидатурасын коюшту.
Бул кишилердин атын атап кетсек: Роман Алгожоев, Нургүль Алиева, Максат Алмаз уулу, Айшагүл Бекматова, Кайрат Джумалиев, Нурбек Доронбаев, Адилет Жолдошбек уулу, Нурлан Кумбашев, Элизар Молдобеков, Бейшенбек Үсөнканов, Чынгыз Чакчагаев.
Бул 11 кишинин ичинен төртөө гана өттү: Алмаз Максат уулу, Роман Алгожоев, Элизар Молдобеков, Бейшенбек Үсөнканов.
Жергиликтүү кеңешти шайлоо:2016-жылдын, 11-декабрында, саат 8:00до башталып,кечки саат 20:00до аяктады.
Бул шайлоодо 422 киши шайламак, бирок тилекке каршы алардын ичинен 207шайлоочу келбей калды. 215 киши келип өз добуштарын берип кетишти.
Шайлоодо эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгы 20:00до айтылды,- деди №336 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлмира Джумалиева.
Биз ушуну менен берүүбүздү аятайбыз. Силер Кара-Суу айылында болуп өткөн шайлоо тууралу кененирээк маалымат алдыңыздар. Сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.