Саламатсыздарбы! «Ак кептер» ЖМБ атынан баардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. Сиздерге ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз.
Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу айылынын «Ак кептер» жамааттык медиаборбору жыл жыйынтыгын белгилеп жатат.
«Ак кептер» ЖМБ сынын атынан медиаборбордун активдүү(6-7-класстын окуучулары)волонтерлоруна сыйлык катары грамоталар жана бирдик карточкалары тапшырылды. Сыйлыктарды «Ак кептер» ЖМБ сынын координатору Чакчагаев С.К. тапшырып, ыктыярчыларга ийгиликтерди каалап, Жаңы жылы менен куттуктады.
Ушул эле күнү кечинде жогорку класстын волонтерлоруна да сыйлыктар тапшырылды. «Ак кептердин» атынан медиаборбор менен кызматташкан мектептин директору Алиева Н.А., мугалим Аджиева Г.А., Каралаева М., Жумалиева Г.Т. медиаборбордун грамоталары бирдик карточкалары менен сыйланышты. Жан ошондой эле «Ак кептерде» эң биринчилерден болуп иштеп кеткен волонтерлор:Азаркулова Э,Туратбекова П., Урманбетова Б., Ишенбекова С. жана Кусерова Н. сыйланышты.
Бул күндун эң негизги учуру «Ак кептер» ЖМБ сынын волонтерлору Сатыбекова Медина жана Кнатова Айдананы КЛООП тун конкурсунда утушкан Samsung смартфондору менен сыйлоо учуру болду.
Сыйлоо аземинде волонтерлорго «Общинные радио и мульти-медиацентры Кыргызстана» деген жаңы чыккан китептер тапшырылды.
Даярдаган: Алымбекова Канышай. «Ак кептер», Кара-Суу айылы,29.12.16.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.