-Саламатсыздарбы! «Ак кептердин» атынан баардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. Бул чыгарылышта биз сиздерге Чүй областынын Жайыл районунун Ставрополовка айылында «Ак кептер» жамааттык медиаборборунун филиалы ачылгандыгы тууралуу айтып беребиз.
Сөздү «Ак кептердин» координатору Чакчагаев Султаналы Курманалиевичке сунсак.
-Ставрополовка айылы биздин Кара-Суу айыл аймагынын экинчи айылы. Бул айылга жамааттык медиаборбор ачуу ишинде «Ак кептердин» ыктыярчыларынын салымы өтө чоң болду. Анткени алар бул медиаборборду өзүлөрү долбоор жазып, Клооп колдоп, утуп алышты. Долбоор боюнча филиалга 79500 сомго медиажабдыктар сатылып берилди.
-Бүгүн волонтерлор менен бирге барып, жабдыктарды тапшырып келдик. Эми Ставрополовка айылында да ЖМБ иштей баштайт. Борбордун жетекчиси болуп, Ставрополовка айылынын тургуну Марусич Татьяна дайындалды.
Ал киши — башталгыч класстардын мугалими болуп, мектепте иштейт. Биздин айыл өкмөттүн эки айылында тең мультимедиаборбор иштеп, айыл тургундарынын көйгөйлөрү, жетишкендитери тууралуу маалымат берилип турат.
Бул медиаборбор Ставрополовка айылынын тургундары үчүн Жаңы жылдык белек сыяктуу эле болуп калды. Борбордун волонтерлорун «Ак кептердин» ыктыярчылары окутат, үйрөтөт, буюрса каникулдан кийин алардын маалыматтары менен тааныша алабыз.
Даярдаган: Алымбекова Канышай, «Ак кептер», 30.12.16., Кара-Суу айылы, Жайыл району, Чүй.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.