“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставрополовка айылына жаңы ФАП салынууда.

30 Декабрь 2016 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны: 71

Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылында, 2016-жылдын башында жаңы ФАП салууга проект жазылып, проект өтүп кеткен.20161230_101248
Биз бул тууралу Кара-Суу айыл өкмөтү менен маек курдук.
Мен, Кара-Суу айыл өкмөтү Джээнбаева Насипа Элебаевна. Арис менен 2004-жылдан бери иштешип келебиз. Быйыл 2016-жылы ФАП салууга проект жазганбыз, ошол проектти Бишкеке барып коргогонбуз. Биздин проект өтүү. Жайыл району боюнча бир проект жазылган. Негизи Чүй облосу боюнча эки проект өткөн. Бир проект Кемин районунда экинчиси Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө. 20161230_101502Азыркы учурда Чүй облосу боюнча эки ФАП салынып жатат. Биздин ФАП салынып бүтөйүн деп калды, ичиндеги майда-чүйдө жумуштары калды. Курулуш иштери ноябрь айынын башында салынып башталган. Азыр кышкы мезгилге туш келгендиктен курулуш иштери жайдан жүрүп жатат. Азыр болсо ичиндеги майда–чүйдө жумуштары калды,-деди ал.20161230_101315
Ставрополовка айылынын ФАПы ийгиликтүү аяктоосун каалайбыз. Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Элзат Джумабаев “Ак кептер”.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.