“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын балабакчасы 3 жылдан бери ийгиликтүү иштөөдө.

10 Январь 2017 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 69

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын “Ботокөз булак” балабакчасы 3 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. “Ботокөз булак” балабакчасы 3 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетти.
“Ботокөз булак” балабакчасы 3 жылдын ичинде кандай ийгиликтерге жеткендиги тууралу балабакчанын мүдүрүнөн

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

кененирээк маалымат алсак.
Мен, Бекматова Айша. “Ботокөз булак” балабакчасынын мүдүрү болуп эмгектенип келем. Жайыл районунун “Ботокөз булак” балабакчасы Кара-Суу орто мектебинин бир капталында жайгашкан.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


“Ботокөз булак балабакчасы 2014-жылдын январь айынан тартып иштеп келе жатат. Биздин балабакчада бир тайпа бар 24 орундуу.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


3 жылдан берки ийгиликтерибизге токтоло кетсек. Биринчиден оорчундуу көйгөйүбүз болуп ички даарат кана болуп эсептелинип келген. Ички даарат кана бар болчу бирок оңдоп-түзөөдөн өтпөй иштебей турган. 2015-жылы Арис тарабынан оңдоп-түзөөдөн өтүп иштеп баштаган. Бул биздин биринчи жетишкендигибиз болуп эсептелинет.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Экинчиден сырткы аянтчада суу жокполгондуктан, суу тартып келип суу чыгардык. Сыркы аянтча ачык болчу айылдыктар менен биргеликте сырткы аянтчаны тозуп алдык.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Ар кандай семинарларга катышып келебиз.
2016-2017 окуу жылында “Эң мыкты балабакча” деген ардак граматасы менен сыйландык. Азыр ушул күнгө чейин жакшы иштеп келе жатабыз,-деди ал.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


“Ботокөз булак” балабакчасында жалпысынан 6 адам иштейт. Балабакчага дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элзат Джумабаев. “Ак кептер” Кара-Суу.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.