“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын старостасы элдин ишин аткарат.

21 Январь 2017 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 40

Кара-Суу айылынын старостасы ар кандай жумуштарды жана көйгөйлөрдү чекенге айылдыктарга жардам берет. Жана элдин коопсуздугун колуна алат.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Кара-Суу айылын старостасы айылдагы жаш балдарга колунан келишинче жардам берип жатат. Кара-Суу айылынын старостасы Төрөбек Алиев менен маектештик.
Мен, Кара-Суу айылынын тургуну Төрөбек Алиев. Кара-Суу айылынын старостасы болуп иштейм. Иштегениме бир жарым жыл болду. Мен иштегенден бери айылда жаман иш болгон жок. Кара-Суу элим үчүн иштеп келе жатам. Айылым ынтымакта жашаса деген оюм бар. Айылда көбү жер иштетишет, жерден жакшы түшүм алып, эл мал алып буттан турса деген оюм бар.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Анан проек жазып жаштар спорт комплекс салабыз деп жатышат. Анан биз дагы проект жазып ФАП салайлы деп пландаштырып жатабыз. Айылдын ар кандай көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылам. Айылдыктардан ар кандай суроолор келип турат. Күндө бир көйгөй чыгып турат. Анан мен айыл өкмөткө барып айтам. Чечиле турган маселе болсо чечебиз, чечилбесе чечкенге аракет кылабыз. Азыр бизде Ариске проект жазганды үйрөткөнгө окуулар чыгып жатат. Эгер биздин жаштар окууга барып проект жазганды үйрөнүп алса өздөрүнө жакшы болмок.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Анан эми элиме ынтымак каалайм. Ынтымактуу болсок баарына жетебиз,-деди ал!
Кара-Суу айылынын старостасына ийгиликтерди жана узак өмүр каалайбыз. Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак сакламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.