“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Сүрөт: Жаш улакчы балдар.

24 Январь 2017 жыл 21:22
Көрүүлөрдүн саны: 96

      Улакчылар

Кара-Суу орто мектебинин 7-классынын окуучулары ылдый жак жана өйдө жак болуп улак тартышты. Бул улакта ылдый жак жеңишке жетти.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Улакта 2 команда жакшы тартышты. Эки жактын балдары улакты ынтымакта урушпай-талашпай тартышты. Биз улак тууралуу жаш улакчы балдар менен маектештик.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Бекзат Урманбетов. Бүгүн Кара-Суу айылында, 7-классынын окуучулары улак тарттык. Бүгүн экиге бөлүнүп улак тарттык. Ылдый жак жеңип алдык. Мен келечекте элге таанымал улакчы болгум келет.
Мен, Беккелди Сманов. Биз бүгүн 7-классынын окуучулары экиге бөлүнүп улак тарттык. Биз тилекке каршы утулуп калдык. Анткени ылдыйжактын аттары күчтүү болуп, биздин аттар кичинекей болуп биз утулуп калдык. Улак жакшы өттү. Мен келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн улакчы болгум келет.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Кутман Жекшеналиев. Бүгүн бизде Кара-Сууда мелдеш өттү. Өйдө жак менен ылдый жак улак тартышты 7-классынын окуучулары. Өйдө жак 2 тай жана 1 кунан минип чыгышты. А ылдый жак болсо 3 чоң ат минип чыгышты. Ошондуктан биз жеңилип калдык.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, 7-классынын окуучусу Азирет Бердибеков. Бүгүн биз 2ге бөлүнүн алып улак тарттык. Ылдый жак жана өйдө жак болуп улак тарттык. Бүгүн болсо ылдый жак жеңип алды. анткени алардын аттары чоң болуп калды.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


7-классынын окуучулары чоңойгондо көрүнүктүү улакчы болобуз деп жатышат. Жаштын тилегин берет-дегендей тилегиңерге жеткиле. Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар!
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.