“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылындагы карта көйгөйү.

1 Февраль 2017 жыл 18:31
Көрүүлөрдүн саны: 72

Кара-Суу айылында жумуштун жетишсиздигинен кумар оюну менен айыл тургундары ойнойт. Бул оюн айыл тургундарына кандай таасир калтырат.20170130_172552
-Мен Атакеев Улан. Ушу Кара-Сууга келип кетип турам. Ушу айылдагы жаштардын баары бекерчиликке карта ойноп отурушат. Замирдин сарайынын артына баламды садике алып келип алып кетип жатканда көрүп калам. Атасы баласы карта ойношот Замирге атабыз ай карта ойнобо ойнобо дейбиз.
-Мен Ибраимов Замир. Кара-Сууда турам. Кара-Суу кичинекей чакан эле айыл иштегенге иш деле жок, ошо эртеден кечке карта ойнойбуз, менин сарайымдын аркасына. Эрте менен саат 9:00 да келишет, ошону менен саат 20:00 го чейин обед жок аларга.20170130_172712
-Мен Кара-Суу орто мектебинин мугалими Аджиева Гулжан. Карта оюну жөнүндө өз оюмду бөлүшкүм келет. Карта оюну бул байыркы алаксы болуп эсептелген кумар оюндарын көпчүлүк адамдар ойношот. Карта ойноодо биринчиден тубаса психологиялык негиздер: атаандашуу, жеңип алуу кубанычы, кайгыруу ата энелерди улууларды тууроо буга шарт түзөт.
Акырындык менен бул зыянсыз мотивдер олуттуу нерселерге башкача айтканда кумарга, тобокелчиликке, оңой акча табууга, үмүттөнүүгө орун бошотуп берет. ар бир кумар оюндун натыйжасы жеңилүү ызасын тартуу, уруш-талаш, киши өлтүрүү, өзүн-өзү өлтүрүү менен аяктайт. 20170130_172528
Карта ойноп убакытты өткөрүүдө дайыма эсиңерде болсун: баардык кумар оюндарында бир гана жеңичүү болот, ал уюштуруучу. Карта оюнун ойнойм деген каалоого кабылуу кыйла оңой, оюнга катышпай кыйла татаал. Ошондуктан мектеп окуучулары жана жаштар: Эч качан карта оюндарына катышпагыла! Бекер оокат капканда гана болоорун эсиңерден чыгарбагыла!
Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз, сак саламатта болуңуздар. Ак кептер 2017.02.01
Даярдагандар: Медина Сатыбекова.
Редактор: Гүльзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн