“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектеби беш күндүк окууга өттү.

1 Февраль 2017 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 61

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектеби беш күндүн окууга өттү, бирок баары эмес. Бул тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мүдүрү билдирди.IMG_20170201_111157
Кара-Суу орто мектебинин мүдүрү Нургүль Алиева менен маектештик.
Мен, Кара-Суу орто мектебинин мүдүрү Нургүль Алиева. Быйыл 2017-жылдан баштап беш күндүк окуу програмасына кирдик. Бул болсо жаңы министр Гүлмира Кудайбердиеванын указы болду. Беш күндүк окуу програмасына 9-класс кирген жок. Эгерде планда 30 сабактан ашса, ал планда беш күндүк окууга туура келбей калат экен.IMG_20170201_120854 9-классынын окуучулары алты күндүк окуу менен окуп жатышат. Калган класстар беш күндүк окуу менен окуп жатышат. Ал эми ишемби күнү болсо баардык сабактар боюнча кружоктор болуп жатат.IMG_20170201_121120 Ишемби күнү саат 9:00дөн, 12:00го чейин кружоктор өткөрүлүүдө. Беш күндүк окуу окуучуларга жакшы таасирин тийгизип жатат. Мурда деген кружокторго түштөн кийин айыл жергесинде болгондуктан кружокко келгенге шарт болгон эмес. Анткени көп окуучулар ата-энелерине жардам берип кружокторго тартыла алган эмес.IMG_20170201_111241 Ал эми ишемби күнү болгондо саат 9:00дөн баштап келе башташат өздөрү каалаган кружокторун тамдап көңүл ачып кетишет,-деди ал.
Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.