“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү

8 Февраль 2017 жыл 21:11
Көрүүлөрдүн саны: 50

Бүгүн Кара-Суу орто мектебине Жайыл ройонунун билим берүү бөлүмүнүн башчы адиси Байтушева Людмила Владимировна келди. Ал ата-энелерге Синий кит жана Тихий дом деген оюндар тууралу чогулуш өткөрдү.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Бул чогулушта оюндар балдарды өлүмгө алып келгендиги тууралу чогулуш өткөрдү. Чогулушта Синий кит жана Тихий дом деген оюдун зыяндуулугу жөнүндө айтып кетишти жана ар кандай видио роликтерди көрсөтүштү.
Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси менен маектештик.
Мен, Байтушева Людмила Владимировна Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адисимин. Синий кит жана Тихий дом деген оюн чыгыптыр. Ошолорго каршы чыгып ата-энелерге жана окуучуларга бул оюндун зыяны, оюнга каршы чыгып кандайдыр бир маалыматтарды берип кеткенге Кара-Суу орто мектебине келдик. Бул оюнда ойногон бала 50 күндө өлөт экен. Башында балдар оюнга кирип жаңы ойноп баштаганда оңой нерселерди берип анан кыйындатып аягында баланы, оюн өлүмгө алып барат экен. Балдар бул оюнду ойногонунун себеби, ата-энелердин балдарга көп мамиле бурбагандыктан балдар эч кимге керегим жок деп ошол оюнду ойношот экен. Баардык ата-энелерге айтаарым балдарыңарга жакшы мамиле кылып, балдарды түшүнгөнгө аракет кылгыла. Анан балдарды көзөмөлдөп кандай оюндарды ойноп жаткандыгын карап тургула,-деди ал.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Сиздер Синий кит жана Тихий дом оюндары балдарды жамандыка алып келгендиги тууралу малымат алдынар. Бул оюдар ар кандай сайттардан келип жатат. Бул оюндан сак болгула.
Даярдаган: Элзат Джумабаев, 2017-жыл 8-февраль “Ак кептер”.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.