“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында чогулуш өттү.

13 Февраль 2017 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 96

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында чогулуш болду. Бул чогулуштун себеби: “Бюджеттик процесс” добоорунун максаты менен таанышууга Кара-Суу айылынын эли чогулушту.IMG_20170207_151812_1
Биз бул тууралу долбоорду жазган, Кара-Суу орто мектебинин мугалими Каралаева Марипа менен маектештик.
Мен, Кара-Суу орто мектебинин мугалими Каралаева Марипа. Мен бул долбоорду жазып жана Арис менен иштешип келем, көп жылдан бери. Анан ушул долбоорду утуп алып Кара-Суу айылынын эли менен бир келишимге келдик. Негизи бул долбоордо Кара-Суу айылына 1 000 000 сом грант бөлүндү. Бул акчаны алыш үчүн бюджетте акча болуш керек. А бизде азыркы учурда бюджетте акча жок болгондуктан биз бул акчаны колго алалбай жатабыз. Ошон үчүн биз чогулуш өткөрүп, бул маселени чечтик. Бүгүнкү чогулушта Кара-Суу айылынын эли кары-жашы дебей мектепке келе жатышты. Анткени Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашуучу “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун максаты менен таанышууга чогулушту.
Чогулушта айыл тургундары өз көйгөйлөрүн көптүгү айыл элинин, айылдын келечеги жөнүндө кам көргөндүгүн түшүндүрөт.IMG_20170207_151413_1
Мисалы: 1) Биздин Жылдыз көчөбүздө 20 түтүн бир жерден суу ичип, мал сугарат.
2) Айылдын четиндеги эки көпүрө бузулуп араң турат. Техникалардын айылга келип кетишине коркунуч туулуп турат.
3) Мектеп компьютерлери эскирип иштен чыкты. Окуучуларды окутууга заманбап технологиялык каражаттар абдан зарыл.
4) Малга жем салуу үчүн район борборуна баруу керек, драбилка жок.
5) Мектеп 1980-жылы салынган, ашкана 36 жылдын ичинде бир да жолу оңдолгон эмес, жабдыктар иштен чыккан.
6) Жаштар спорт менен алектенгиси келет, бизде спорт комплекс жок. Ортодо 100 000 миң сом акчалары бар, донор издеп жатышат.
7) Малдын жайытын оңдоого киришүү керек, келечек эртең эле бүгүн болот.IMG_20170207_150105_1
Ар кимде өз жашоосуна жараша өз көйгөйү биринчи болуп эсептелинет. 2016-жылы ЮНИСЕФтик каражаттын АРИСтин колдоосу менен мектептин кол жуучу жайы, дараатканасы оңдолгон. Бирок ашкананын начар абалынан бекер тамак долбооруна кире албай жатабыз. Жалпы эл кеңешип көйгөйдүн биринчиси ашкана ремонту, себеби балдар биздин келеч. Алардын таза жерде, жагымдуу тамактанышы айылыбыздын келечектеги акылдуу, ыймандуу мууну-деп чечишти.IMG_20170207_150747_1 Демек долбоор мектеп ашканасын оңдоого жумшалат. Демөөрчү топ түзүлүп, өздүк салым чогула баштады,-деди ал.
Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.