Кутмандуу күнүңүздөр менен. Эфирде “Ак кептер”. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылында болгон окуя жөнүндө айтып бермекчибиз.
Айылдын тургуну Исаева Мария чоң апанын айтуусу боюнча, эртен менен эки бөлмөлүү үйүнүн бир бөлмөсү кулаптыр. Ал кезде үйүндө жалгыз болчу, бөлмөнүн түшкөнүн көрүп жүрөгү түшүп кимге бараарын билбей олтурган экен.
Үйу жараксыз абалда турат.
Эми ким жардам береерин билбейм. Айыл тургундарынан, айыл өкмөттөн жардам күтөм дейт ал. Айтуусунда азыр болсо бир бөлмөдө уулу менен жашап жатыптыр ал бөлмөсү да кулап калышы мүмкүн дейт.
-Мен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Джеенбаева Насипа Элебаевна бүгүн Кара-Суу айылына келип айылдын тургундары менен сход өткөрдүк. Сходдо бир топ маселелер көтөрүлдү. Ушу биздин Кара-Суу айылында турган Исаева Мария деген апабыздын тамы кулап калыптыр, ошонун маселесин элге салып чечтик. Кумбашев Ишен вагон бере турган болду. Убактылуу апаны вагонго жайгаштырып андан кийин жайында күн жылыганда марофон өткөрүп апага жардам кылып айылдын тургундары менен кошо баласы болуп там салганга жардам беребиз.
Ушуну менен берүүбуздү аяктайбыз. “Ак кептер медиа борборунун атынан Мария апага чын ден соолук үйнүн жасалып кетишин каалайбыз. Келгиле колубуздан келген жардамыбызды аябай Мария апага жардам берип коелу.
Даярдаган: Элина Азаркулова
Тренер: Гүльзада Бейшенбекова
02.04. 17 “ Ак кептер”
Сынак үчүн.