“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кызылча себүү көйгөйү

4 Март 2017 жыл 18:37
Көрүүлөрдүн саны: 95

Кутмандуу күнүңуздөр менен урматтуу айылдаштар. Эфирде “Ак кептер”сиздер менен Гүльзада Бейшенбекова, Элина Азаркулова. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылында болуп өткөн жыйыналыш тууралуу айтып бермекчибиз.
Сөздү Кара-Суу айыл өкмөтүнө сунсак:
-Мен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа Элебаевна. Бүгүн Кара-суу айылына келип айылдын тургундары менен сход өткөрдүк сходдо бир топ маселелер көтөрүлдү. IMG_20170304_110323 Быйыл завод обьемун азайтып койду. Жылда мынча гектар сепкиле деп план берчи быйыл болсо кыскартып коюптур анан кызылча себет элек ошонун площаддын көбөйтүп бергиле деп. Бул маселе боюнча понедельник күнү районго администрацияга кат жазып кызылчаны себе турган площаддын көбөйткөн жөнүндө айыл чарба управлениясына барып ошону чечкенге аракет кылам.
-Мен, Максат Кожомкулов Бишкектен келдик, тест центр деген айыл чарбасы боюнча иштеген организация бар. Биздин организация дыйкандарга кызмат көрсөтөт. Быйыл Жайыл районунда кызылча айдаган дыйкандар менен иштешип жатабыз. Силердин айылыңарда кызылча айдайбыз деген фермерлер бар экен. Буга чейин ноябрда чогулуш өткөнбүз. Кийинки чогулушту мартта өтүп жатабыз. Силердин айылыңардагы фермерлер убагында катталбай калып урука жетпей калган фермерлер бар. Ошого бүгүн чогулушка келип эмне үчүн урук аз болуп жатат деп чогулуш өткөрдүк. Силердин айылыңардан фермерлер жазылды 60-70-гектарга урука бергиле деп. Буюрса аны свеклопунктка барышат фермерлер эгерде свеклопункт завод макул болсо, фермерлер урук алышат, урук алгандан кийин анан айдашат, айдагандан кийин биздин организация менен договор түзөт. Биздин организация договордун негизинде. Фермерлерге окутуу иш чаралары жүргүзүлөт.IMG_20170303_122658
-Мен, Ибраимов Канат. Жыйналыштын себеби кызылчаны өстүргөндү, бакканды жерди кандай айдаш керек, жер кандай даярдалыш керек. Ошону Кара-Суу айылынын тургундарына келип райондон атайын өздөрү тактаган кишилери бар экен. Ошолор келип сабагын өтүп. Кандай үрөөн себиш керек, кандай дары бериш керек кандай жеңил иштетиш керек, эмне колдонуш керек, ошону Жайыл районунан келген адис үйрөтуп, анан кайсы оокат бериш керек, кайсы селитра бериш керек. Бунун баарын кагаз түрүндө окутуп, үйрөтүп кетишти.IMG_20170303_124017
Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта болуңуздар.
Даярдагандар:Элина Азаркулова
Тренер:Гүльзада Бейшенбекова
04.03.17 “Ак кептер”
Сынак үчүн