“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылына донорлор келишти

6 Март 2017 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны: 35

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынан Кара-Суу айылына донорлор келишти. Кара-Суу орто мектебине жана Ботокөз булак бала-балабакчасына келип балдарга гуманитардык жардам көрсөтүп кетишти.IMG_20170306_123059
Биз бул тууралу донорКадыр Бийгелдиев менен маек курдук.
Мен, Бийгелдиев Кадыр. Кара-Суу айылына Кара-Балта шаарынан келдим. Биз бул жерге балабакчага жана мектепке гуманитардык жардам көрсөттүк. Бул жардамдар башка өлкөдөн келгендиктен, биз ушу эң четки жетпей жаткан айылга белектерди алып келдик. Балдардын көңүлүн көтөрүп, алардын окууган окууларын, алдыга кадам таштатаганын биз каалайт элек. Биздин максат, айылдагы адамдардын жашоосу менен таанышуу, жана аларга руханий жактан жардам берүү. IMG_20170306_133858
Бул белектер башка өлкөдөн келген. Бул белектин ичинде ар кандай оюнчуктар, окуу куралдары, зубный паста, шарф, топу жана башкалар бар. Ата-Энелердин кээбири мындай белектерди балдарына алып бере алышат, а кээбирлери бералбайт. Ошондуктан биз каалайбыз, ушул аркылуу ата-энелердин кандайдыр бир адеп-ахлагы ойгонгонун. Ата-Энелердин балдарга болгон кам көргөнүн. Ошондуктан биз ушундай жакшы иштерди кылганга аракет кылабыз,-деди ал.IMG_20170306_143551
Бул донорлордун кылган жакшылыктарын ата-энелер эч качан унутушпайт. Ата-энелер жана балдар алган белектерин ачып ичинде эмне бар эенин көрүп суктанып жатышат.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет туратбеков
Сынак үчүн.