Бүгүн, 7-мартта, Кара-Суу айылында “Ак кептер” медиаборборунун волонтерлору тарабынан тартылган “Бойдоктор” аттуу документалдуу фильминин презентациясы болду. Бул фильмде айыл жаштарынын чоң көйгөйлөрүнүн бири тууралуу кеп болду.
Бул документалдуу фильмди тартуу үчүн “Ак кептердин” ыктыярчылары кичи грант утуп алышкан. Медиаборбордун волонтеру Туратбеков Азирет баш болгон ыктыярчылар кинону тартышып, Бишкеке, Клоопко барып, монтаждап, мына эми айылыбыздын тургундарына тартуулашты.
Фильмдин презентациясына көп тургундар келишти, фильмди көрүшүп, абдан ыраазы болушту.
Мындан ары дагы айылыбыздын көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу “Ак кептерден” айтып, көрсөтүп берүүсүн өз сөздөрүндө айтышты. .
Мен, Токтогулова Жийде. Кара-Суу айылынын тургуну болом. Бүгүнкү документалдык фильм абдан жакшы болду. Эми ушуну таштабай алдыга жылдырып мектептеги окуучуларды үйрөт. Өзүңдүн билиминди жашырбай, элге чыгарып, чоңойгонго аракет кыл. Сени менен биз сыймыктанабыз!
Мен, Жуматаева Айсулуу. Ушул Кара-Суу айылынын келини болом. Сенин тарткан киноң бизге аябай жакты. Ушу өзүңө окшогон балдар көбөйө берсин. Рахмат сага Азирет ишиңе ийгилик.
Мен, Мукаматова Гүлжамал. Ушугул айылда төрөлгөм, ушул жерден турмушка чыккам. Жаш балдарда азыр акыл бар. Киноңор жакшы болуптур. Ушу балдарга үйрөткүлө. Эми жаш балдар өнгүлө-өскүлө.
Мен, Абдылдаева Тамара. Кара-Суу айылынын тургунумун. Бүгүн сегизинчи мартка карата айыл тургындары жөнүндө кино көрсөтүштү. Киноңор жакшы болуптур.
Сиздер айыл тургундарынын ойлорун уктуңуздар. Бул фильм айыл тургундарынын көңүлдөрүн көтөрдү.
Даярдаган: Элзат Джумабаев,07,03,2017.»Ак кептер».
Тренер: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.