Бүгүн, 20 мартта, Кара-Суу айылында Нооруз майрамын тосуу үчүн катуу даярдыктар көрүлүп жатат. Быйыл Нооруз майрамын айылдын Саруу жана Саяк уруулары өткөрөт. Айылдын тургундарын тамактандыруу, оюн – зооктордун баарын өткөрүү иштеринин баары ошо эки уруунун мойнунда.
Ноорузду өткөрүүчүлөр бүгүн жылкыларын союп, боорсокторун жасап, салаттарын эртеңкиге даярдап жатышат.
Бул иштердин баары айылдын тургуну Букаматов Мирландын үйүндө жүргүзүлүп жатат.
Даярдаган: Азаркулова Э., “Ак кептер”, Кара-Суу” айылы, 21.03.2017.