28-мартта “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборунда Дойче Велленин кызматкерлери иш сапары менен болуп кайтышты.
Биздин медиаборборго бул кызматкерлер атайын борбордун иши менен таанышканы келишиптир.
Борбордо аларды “Ак кептердин” координатору Чакчагаев Султаналы, ыктыярчылар – Туратбеков Азирет,
Азаркулова Элина жана Бейшенбекова Гүлзаада тосуп алышты.
Борбордо дүйнөдөгү белгилүү Дойче Велленин кызматкерлери Карин жана Сюзанна менен бир сааттан ашык маек куруп, бири бирибизге суроолорду берип отурдук.
Дойче Велленин кызматкерлери кайдан келгенин,кай жакта иштегендери, кайсы жерде туулганы тууралуу, эмне үчүн келишкени тууларуу жаш ыктыярчыларга айтып беришти. Ыктыячылар өзүлөрү тууралуу айтып, кандай кесип тандаары тууралуу да маек куруп беришти. «Ак кептердин» ыктыярчылары тарткан «Бойдоктор» аттуу Тасмасын да көрүштү.
Ошондой эле келген коноктор айылда болуп жаткан үйлөнүү тоюнун үстүнөн чыгышыптыр. Тойдо болуп жаткан көк бөрү оюнун сүрөткө абдан тартышты, тойдун үстүнөн чыкканга сүйүнүшүп бир топ убакыт улак тартышты таң калышып, карап турушту.
Аягында бири-бирибизге ийгиликтерди каалап, кош айтыштык.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 29.03.2017