Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде ишенбиликтер өтүп жаткан чагы. Мектептин жамааты окуучулар менен бирдикте мектептин, айылдын тегеректерин тазалап, ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатышат.
Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан берилген 30 түп балатынын көчөттөрүн окуучулар менен мугалимдер мектептин тегерегине отургузуп коюшту. Былтыр 3 көчөт берилсе быйыл 30 көчөт берилди. Буйруса мектептин айланасы мурдагыдан да көрктүү болуп калат деп ойлойбуз.
Даярдаган: Сезим Айылчиева,Ибраимова Канышай. «Ак кептер», Кара-Суу, 08.04.2017-жыл.
Тренер: Бейшенбекова Гүлзаада.
Сынак үчүн.