“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставрополовка айылынын мечити.

11 Апрель 2017 жыл 21:18
Көрүүлөрдүн саны: 66

Ставрополовка айылынын мечити оңдоодон өттү.
IMG-20170410-WA0009
Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылынын мечити кышында калың кар жагадыктан, чатыры карды көтөрө албай кулап калган. Эми мечит оңдоодон өтүп, мечитке эл келе баштады.IMG-20170410-WA0008
Биз бул тууралу Ставполовка айылынын тургуну, ыймамы, Дүйшөнкул Джапаркулов менен маек курдук.
Дүйшөнкул Джапаркулов Ставрополовка айылынын мечитинде көп жылдан бери ыймам болуп келет. Бул мечитти түптөп, мечитке айылдын тургундары, жаштары келип намаз окуса деген ой тилекте эле.IMG-20170410-WA0010
“Бул мечитти 2 жыл мурун 250 миң сом каражат сарптап салгам. Быйылкы жылы табияттын татаал шартында, мечиттин үстүн кар басып кулап калган. Бирок ошол боюнча калтыруудан баш тарттым да, үй-бүлөөм менен кеңешип, оңдоого бел байладым”,-деди ал.
Дүйшөнкул ыймам 76 жашка чыкса да, бир максатты көп жылдан бери эңсеп келет.
“Негизги менин максатым — спонсорлор чыкса жаңы мечит куруп, ал эми бул үстүн жаап жаткан мечитибизди, ушул айылдын жаштарын, жаш муундарын окутуп, медересе сыяктуу кылып койсом деген оюм бар”.
Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.