“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылына спорт комплекс салынат

12 Апрель 2017 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 95

«Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын жаштары спорт комплекс салууга аракеттенип келишет. Спорт комплекстин пайдубалын тургузууга эки «Камаз» таш алып келишти.
Биз бул тууралуу Кара-Суу айылынын тургуну Турсуналиев Талант менен маек курдук.
“Айылдагы жаштар чогулуп мечит салдык. Кудай буюрса спорт комлекс салсак жаштар көчөдө жүрбөй барып спорт менен машыкмак” .IMG_20170411_154624
Айылдын келечеги жаштардын колунда . Биз келечегизди өзүбүз курабыз.
Спорт ден — соолуктун булагы дегендей Кара – Суу айылынын жаштары ден-соолугун чыңдаш үчүн спорт комплекс салганга аракет жасап жатышат. Эгерде Кара-Суу айылына спорт комплекси салынса, жаштар көчөдө карта ойнобой, ичимдик ичпей, спорт залга барып спорт менен алектенмек.
“Спортзал, клуб салууга айылдын жаштары долбоор жазышып, долбоор өтуп кетти. Айылдын жаштары 7-8 жылдан бери оңолуп келетат. Эми спорт зал салайын деп жатабыз. Мектептин спорт залы жараксыз абалда турат. Кышы менен волейбол ойноп чыктык. 1,2 жылдан кийин алда кулап калышы мүмкүн.IMG_20170411_154650
Айылдын тургуну Какешов Адилеттин айтымында спорт залынын узуну 20м болот турасы 10м. “Спорт зал эки этаж болот . Үстүнкү этажында теннис , бильярд болот. Алдыңкы этажында волейбол, футбол, баскетбол ойношот. Жаштарга спорт комплексин ачайын деп жатабыз. Ачканга айылдын жаштары чоң салымын кошуп жатышат. Биз НТС теле берүү каналына кайрылдык. Алар келип тартып кетишти. Телевизордон көрүп бизге спонсор болгондор да бар. Бизге чалышты Арабтар менен иштейт экен.Телевидениенин келгени жакшы болду спонсорлорду таптык. Кудай буюрса 14-апрелде жолугуп, келебиз.Спорт комплекс болсо айылдагы жаштардын баары машыкмак, ден-соолугу чың болот.Айыл тургундарынан суранабыз жардам берип койуңуз.Биз эки «Камаз» таш, арматура, 4т цемент алып келип койдук.Айылдын жаштары биригип ынтымакта 4 жуманын ичинде фундамент куюп баштайбыз. Спонсорлор менен сүйлөшүп келели, анан алар спорт комлексин салууга жардам берсе биге жеңил болмок”,- деди ал.
«Ак кептер» медиа борборунун атынан айылдын жаштарына ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Сезим Дүйшекеева.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.