“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Колунан көркү төгүлгөн уста

12 Апрель 2017 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны: 49

Ставрополовка айылынын тургуну Калмахамад Джуманазаров 8-классынан бери устачылык менен алектенип келет. Ал көптөгөн үйлөрдү евро ремонт кылып келет, бул кесипти ал окуган эмес. IMG-20170411-WA0023
Биз бул туралуу Ставраполовка айылынын тургуну Калмахамад Джуманазаров менен маек курдук.
“Мен бул жумушту баштаганыма көп жыл болду. Мен устачылыкты окуган эмесмин. Бул тубаса талант болушу керек”,-деди ал.IMG-20170411-WA0017
Калмахамад Джуманазаров 8-класстан баштап устачылык менен алектенип келет. Ал жасаган иштерин кылдаттык менен жоопкерчилик менен кылат. Ага өзүнүн жасаган иштери абдан жагат.
Ал айтат: “Бул жумуш жеңил деп айта албайм. Беш кол тең эмес дегендей, ар түрдүү адамдар менен иштейм. Кээ бирлери кылган жумушумду баалап ыраазычылыгын айтат, а кебирлери айтпай коёт. IMG-20170411-WA0021Эми барган сайын жаңы фасондор чыгып жатат. Ар түрдүү үйдү, ар түрдүү кооздосо болот”,-деди ал.
Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.