“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебинин китепканасы

10 Май 2017 жыл 8:37
Көрүүлөрдүн саны: 114

Кара-Суу айылынын китепканасы көп жылдан бери иштеп келе жатат.

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде жайгашкан китепканада ар түрдүү кызыктуу китептер бар. Мектеп окучулары китепканага барып, өздөрүнө жаккан китептерди алып окушат. Китепкана тууралу биз китепканачы менен маек курдук. Саламатсыздарбы, мен Кара-Суу орто мектебининин китепканачысымын, атым Абдрасулова Айниза. Быйыл биринчи жылы иштеп жатам. Биздин китепканада окуучулар учун кыргыз эл жомоктору аз экен. Окуучулар кыргыз эл жомокторун абдан жакшы көруп окушат, бирок кыргыз эл жомоктору жокко эсе эле..

Жакында бизге ЮСАИД деген Американын долбоорунун кординаторлору жаңы, 12З китеп белекке беришти. Ал китептер кооз, көркөмдүү, балдар учун эң кызыктуу, сүрөтү ачык түс менен боёлгон.

Азыр окуучуларга абдан жакшы болду. Балдар кызыгуу  менен окуп жатышат. Жогорку класстар учун дагы кызыктуу китептер болсо окушат деп ойлойм. Биздин мектепте Чынгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун, азыркы мезгилдин жазуучуларынын бири Бек Жылдыз жана Токтосун Самидиновдун атактуу жазуучулар жөнундө китептери бар.

Мен, Уланбек кызы Тахмина 2002-жылы  21 -июнда туулгам. Азыр мен 14 жаштамын. Мен китептерди библиотекадан алып окуйм. 

Менин окуган китептерим — бул “Эр Төштук”, “Манас”, Чынгыз Айтматовтун китептери, Александр Сергеевич Пушкиндики, “Семетей” жана башкаларды окугам. Мен китептерди абдан жакшы көрөм.

Мен ал китептерди окуганда фантастикалык сезимде болдум. Китепти биз окуган сайын көпту билебиз. Биз китепти барктап сыйлайлы жана көп окуйлу, билимге умтулалы.

Мен Жумалиева Гульмира Кара-Суу орто мектебинин башталгыч классынын мугалимимин. Биздин китепкана боюнча суйлөсөк Кара-Суу орто мектебинин китепканасы бар.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн электрондук китепканасы да иштейт мектепте. Башталгыч класстын балдары ар дайым китепканадан кызыктуу китептерди алып окуп турушат. Менин окуучуларымдын алган китептери – “Таш журөк”, “Жоогазын”, “Шарлотанын желеси” жана башка китептер.

Ал эми өзүм окуган китептерим — көбүнчө мугалимдерге тиешелүү методикалык  китептерди окуйм жана  “Кут билим” газетасын окуйм.

Сиздер Кара-Суу орто мектебинин китепканасынын иши менен тааныштыңыздар.

Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар:

Данияр кызы Назик, Джаныбекова Нурайым.

10.05.2017. “Ак кептер”.

Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.