“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Медиаборбордо иштөө бизге абдан кызыктуу…

10 Май 2017 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны: 48

Биз  Кара-Суу орто мектебинин 6-классында окуйбуз. Биздин класста 8 окуучу бар — 5 кыз  3 бала. Биздин класста 5 ударница бар. Алардын аттары: Канышай,Саида,Нурайым,Сезим жана Жылдыз. Биз бош убактыбызда көп кружокторго катышабыз жана ошондой эле мектептеги мультимедиа борборуна барып  журналистиканын негиздерин үйрөнүп жатабыз.

Медиа борбордо Гүлзада эжеке жана Азирет агай  бизге сабак өтүшөт. Андан тышкары Бишкектен  тренерлер келип, бизге тренинг өтүп турушат.  Жакында эле Диана Рахманова деген тренер эже келип, репортаждарды кантип даярдоо боюнча тренинг өтүп кетти.

Класс  жетекчибиз  Аджиева Гулжан. Биздин  класс жетекчибиз кыргыз тилден берет. Бизден тышкары башка класстарга да сабак өтөт. Жана ошондой эле эжебиз да медиаборьордун ишине активдүү катышып турат.

Медиаборбордун иштешине  быйыл 4 жыл болду. Биз азырынча үйрөнүп жатабыз. Бизге борбордо иштөө абдан кызыктуу. Быйыл Диана эже бизди Жогорку Кеңешке жана КТРК га экскурсияга алып барып келди. Баардыгы өтө кызыктуу болду.

“Жакында дагы Бишкекке экскурсияга алып барам. Дагы башка телерадиокомпанияларга барып, алардын да кантип иштеп жаткандыгы менен таанышабыз”, — деп айткан Диана эжебиз.

Даярдаган дар: Сезим Дүйшөкеева, Канышай Ибраимова. 10.05.2017. “Ак кептер”, Кара – Суу айылы, Жайыл району.