Жаш улакчы Эржан Тытыев
9 жаштагы Эржан улакка кызыгат. Бата айтып, улакчы балдар менен чогуу жүрөт.
Эржан менен маек курдук.
“ 5 жашыман баштап улакка барып, бата айтам. Батаны мага атам үйрөткөн. Улакка аябай кызыгам”, — дейт ал.
Көбүнчө “көк бөрү” оюнун “улак” деп аташат.
“ Улак болгон сайын бата айтам. Аттан көп жолу кулагам бирок баарыбир баргым келет. 2- класста окуйм, бош убагымда атама жардам берем. Аттарды өзүм карайм, багам”.- дейт ал.
Бала кезинен бери улакка кызыгып, чоңойгондо улакчы болом деген жаштар көп.
Жаттаган батталарымдан айтып берейин.
“Жеңе, жеңе жеңебай
Эгиз бала төрөп ал. бирөөнүн атын Жолой кой. бирөөнүн атын Малай кой . Жолойун жоо бетине кой. Малайын мал бетине кой. Экөө тең укпаса,
чочокторун чорт кесип,
конфет байлап кой.
Оомийн, десең мага,
Батамды берем сага
Батамдын башы байтал болсун,
Балекетиң кайтар болсун,
Корооң толо кой болсун,
Чараң толо май болсун,
Кызың шырдактуу болсун.
Балаң улакчы болсун. оомийн!
Беш терек, беш терекке гүл керек
Бизге окшогон жаш балдарга
Улакктан башка не керек.
О деген тамга тегерек,
Ортосуна гүл керек.
Бизге окшогон балдарга,
Улакктан башка не керек”.
“Мен, чоңойгондо жакшы улакчы болом”,-дейт Эржан.
“Ак кептер” медиа борборунун атынан Тытыев Эржанга чоң- чоң ийгиликтерди каалайбыз. Чоңойгондо жакшы улакчы бол!
Даярдаган: Гүльзада Бейшенбекова. 11.05.2017. Кара-Суу айылы.