“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

1-июнь — Балдарды коргоо күнү

1 Июнь 2017 жыл 18:54
Көрүүлөрдүн саны: 64

1-июнь – Балдарды коргоо күнү Жайыл районунун Кара-Суу айылында

Бүгүн Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинде  Балдарды коргоо күнүнө арналган иш чара болуп өттү.  Бул иш чараны Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери Дооронбаева Калыгул менен Абдрасулова Айниза алып барышты. 

Майрамга ата-энелер, айылдын балдары жана мектеп окуучулары катышышты.

Балдар асфальтка ар кандай сүрөттөрдү тартышты, бий бийлеп, ыр ырдашты.

Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, балдарга бал муздак таратылды.

 

Даярдагандар: Сезим Дүйшекеева, Гүлзаада Бейшенбекова, 1-июнь, 2017-жыл, “Ак кептер”.