“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебинде «Эмгек чейреги» башталды

5 Июнь 2017 жыл 12:41
Көрүүлөрдүн саны: 50

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде мамлекеттик аттестация 9-класстарда жүрүп жатат. Быйыл мектепте 11-класс комплект жок. Аттестация менен бирге мектепте “эмгек чейреги” башталды. 

Окуучулар менен мугалимдер класстарын ремонттоп, 2017-2018-окуу жылына даярдана башташты.

“Эмгек чейреги” 10,8,7,6-класстарда жүрүп жатат. Балдар мектепке келип, тегерек четти тазалап, класстарын актап, сырдап, китептерди иреетке келтирип, мугалимдерге чоң жардам көрсөтүп жаткан учур. 

Жайыл районунда мектептердин ремонтун райононун кызматкерлери менен башчысы кабыл алышат (конкурс иретинде).

Ремонтун бүтпөй калган мектептерге кошумча убакыт берилет. Андан кийин кимдин мектебинин ремонту жакшы болсо, ошол мектептерге ар кандай сыйлыктар тапшырылат.

Кара-Суу орто мектебинин жамааты да бул конкурстарда алдыңкы орундарга жетишип келген.

Быйыл да мектептин администрациясы, коллективи ремонтту мыкты аяктап, келе жаткан окуу жылына даярдыктарды көрүп жаткан учуру.

“Ак кептердин” атынан мектептин коллективине ийгиликтерди каалайбыз.

 

Даярдагандар: Чакчагаев С., Азаркулова Э., 5-июнь, 2017-жыл, Кара-Суу айылы.