“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында чөп чабык башталды

8 Июнь 2017 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны: 61

Мына, жайдын биринчи айы да кирип келип калды. Чүй өрөөнүнүн бул айында чөп чабык башталат. Дыйкандар кышка даярданып, беденин биринчи чабыгын чаба башташат. Быйыл эрте чабылып калган чөптөр жамгырга калып, дагы эле кургабай жаткан учуру. Бүгун күн ачылып, бедени чабуу, жыйноо Кара-Суу айылында кайра башталды.Жамгырдын үзгүлтүксуз жаашы былтыр далай фермерлерге зыян алып келген. Далай дыйкандардын түктөрү чирип, өрттөп жиберүүгө аргасыз болушкан. Түктүн баасы дагы ылдый болгон, анткени чабылган чөп жамгырга улам-улам калып, түктөлүп, сапаты начар болуп калган. Кара-Суу айылынын дыйкандарынын негизги пайда ала турган иш-чаралары булар: мал багуу, беде, арпа, буудай, жүгөрү жана кызылча иштетүү. Бедени түктөп сатышып, акчасын кызылча жана башка нерселерди иштетүүгө жумшашат.Кээ бир дыйкандар жамгырга калбай бедесин түктөп, сатууга үлгүрүп калышты. Алардын бири Алиев Жоро: “Мен чөбүмдү чаап, жыйнап, сатып жибергенден кийин жамгыр жаады. Азыр жакшы, интернетти карап иш-чарабызды кылабыз. Чөптүн баасы 50-80 сомго чейин болуп жатат. Сапатына жараша.”“Айылыбызда чөп чапкыч “ешкабыз” жок, ошондуктан айылдын чөптөрүн Ставрополовкадан, Ысык-Көлдөн, Нарындан ж.б. жактан келгендер чаап, акча таап кетишет. Чөп чабуу процессин аба-ырайынын бузулушу кармап турат, улам-улам жамгыр жаап. Буйруса онунан кийин күн ачылып, ишибиз уланат окшойт ”,- дейт айылдын    башчысы Алиев Төрөбек. Мына ошентип, айылыбыздын дыйкандары кышка даярдыгын көрө башташты. Беделерин чаап, кызылчаларын отоп, арпа, жүгөрүнү дарылап, тоют беришип, иш кызуу жүрүп турган учур айылыбызда.

 

Даярдаган: Чакчагаев Сутаналы, Бейшенбекова Гүлзаада, 08.06.2017.,”Ак кептер”, Кара-Суу.