“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Күбөлүк тапшыруу. Кара-Суу орто мектеби

21 Июнь 2017 жыл 0:51
Көрүүлөрдүн саны: 116

20-июнда Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 9 — классты аяктаган окуучуларга күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү. Орто мектеп болгону менен 3 класс комплект жок. Быйыл 11 класс жок  мектепте.Ал эми 9-классты 8 эле окуучу аякташты. Окуучуларга кубөлүк тапшыруу аземине: ата-энелер, мугалимдер, мектептин директору Алиева Нургул Ахматалиевна катышышты. Окуучуларга күбөлүк тапшырып жатып мекктептин директору балдарга ден соолук, ийгиликтерди каалады. Ата-энелерине балдарын колдоп, мындан ары да окутуп, жогорку окуу жайларга балдарын даярдап, жакшы бир кесиптин ээси кылуусун тиледи. Ата-энелер да мугалимдерге өз ыраазычылыктарын билдирип, рахмат айтышты.  Окуучулар болсо мындан ары да окууларын улап,Кара-Суу орто мектебинен 11-классты бүтүрөбүз дешти. “Ак кептердин” атынан окуучуларга ийгиликтерди каалайбыз. Эс алышып, 2017-2018-окуу жылына жаңы күч менен келиштерине тилектешбиз.

Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзаада, “Ак кептер”, 21.06.2017. Кара-Суу айылы.