“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы

1 Июль 2017 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 38

Суу сордуруучу жайдын абалы

      Суу сордуруу жайы

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы көп жылдан бери курчалбай келет.  Курчалбай тургандыгы айыл тургундарына коркунуч туудурат, анткени ал жерден башка жерден келген адамдар, малдар өтүшөт, ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Суу сордуруучу жай тууралу айыл тургундары менен маек курдук. Кара-Суу айылынын тургуну жана суу сордууручу жайдын кароолчусу Алмаз Сманов менен маек курдук. “Кара-Суу айылынын суу сордууручу жайы 1980-жылдардын башында салынган. Ошол жылдары Союз учуру болчу. Анда суу сордуруучу жайдын тегереги курчалып турчу. Азыр болсо терегери ачык,чачык болуп көп жылдар бери тосулбай келе жатат. Айыл өкмөтү убада берген тосуп берем деп, убадасын аткара элек”,-деди ал. Кара-Суу айылынын тургуну Адилет Жолдошбек уулу айтат: “суу сордуруучу жай жөнүндө айыл өкмөтүнө айтылган. Тосом дегенине көп эле болуп калды. Ал жерди тосуш керек. Ар кандай коркунучтар бар. Ал жерге бирөө барып ичине бир нерсе салып, айылды уулантып коюш бат эле да”.

Кара-Суу айылынын дагы бир тургуну Токтогулова Жийде менен маек курдук. Токтогулова айтат: “Башка жактардын суу сордуруучу жайынын тегереги зымдар менен тосулуп, акталып, эшигин бекитип коюшкан, эч ким кирбегендей кылып. Кара-Суу айылында андай жок. Айыл өкмөтү, айыл староста карап, оңдоп берсе жакшы болмок”. Айыл тургундарынын наразычылыгынан  улам биз айыл башчы Төрөбек Алиевке кайрылдык.

“Мен айыл башчы болгондон кийин айыл өкмөткө кайрылгам. Айыл өкмөт бул жөнүндө билет. Айыл өкмөт айткан «биринчи чабык чөп чабылса эле бюджетте акча болот, анан ошондон бөлүп берем» деген. Эми ошону күтүп жүрөбүз, берсе эле курчайын деген ой бар,-деди ал.

Азыр болсо чөп чабык аяктап баратат. Анан биз айыл өкмөткө Насипа Жээнбаевага кайрылдык. “Бюджетибиз тартыш, болгон каражатыбыздын баары электроэнергияны төлөөгө  кетет. Быйыл пландап жатабыз, 3-кварталга бекитилген бюджетте. Планга киргизилген буйруса аткарылат”,-деди ал.

Сиздер Кара­-Суу айылынын суу сордуруучу жайынын абалы кандай экендиги тууралу уктуңуздар.

Даярдаган: Азирет Туратбеков, 01.07.2017-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу айылы, Жайыл району,Чүй облусу.

Конкурс үчүн.