“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Барбулак» минералдык ысык суусу

22 Июль 2017 жыл 0:21
Көрүүлөрдүн саны: 47
      Barbulak ysyk suusu

“Барбулак” ысык суусу

 

Бул чыгарылышта биз сиздерге Ысык-Көлдүн Тоң районунда Барбулак айылынын жанында жайгашкан “Барбулак” пансионаты тууралуу айтып беребиз. Пансионат Барбулак айылынан 5км жерде көлдүн жээгинде жайгашкан. Бул ысык сууну 80-жылдары Бакир Чодобаев аттуу окумуштуу-геолог ачкан. Суунун адам баласынын ден соолугуна пайдалуу жактары көп:ичеги оорулары, аш казан, боор,  сөөк муун оруулары, нерв оруулары жана аялдардын гинекологиялык өнөкөт ооруларынын айыгып кетишине бир топ пайдасы тиет экен. Пансионатка эл көп келет экен. Биздин жарандардан башка: Россиядан, Казакстандан, Германиядан ж.б. өлкөлөрдөн адамдар келип, ысык сууга түшүп кетишет экен. Красноярск крайынан келишкен, мугалимдер Береговая Татьяна жана Нечистовская Людмилага бул жер абдан жагыптыр, Береговая Таня 4-жылдан бери Барбулактан ден соолугун чындап кетип жатыптыр.Быйыл сууга тушө турган жай оңдолуп, ванналар которулуп, полу, дубалдары кафелденип, VIP ванналар ачылыптыр, кардарларды тейлөө бир топ жакшырып калыптыр. Бул жерде кардарларды кабыл алуу үчүн бир топ боз үйлөр тигилген, жаңы коттедждер салынып, бир топ өзгөрүүлөр болуп жатыптыр.Келген кардарларды тейлөө иштеринде Барбулак жана Кара Коо айылдарынын тургундары. Алар боз үйлөрүн тигип, тамак-ашын жасап, ж.б.тейлөө иштерин жүргүзүшүп, оокаттарын кылышат экен. Алар, мисалы, Кара Коо айылынын тургуну  Кендирбаев Нурландын  үй-бүлөөсү жана Барбулак айылынын  тургуну Өмүров Таалайдын үй-бүлөөсү. Булар пансионатта 7, 10 жылдан бери жерди арендага алышып, боз үйлөрүн тигип, кардарларды тейлешет.“Быйыл, буйруса,“сезон” жакшы, эл көп. Ишибиз жакшы жүрүп жатат”,-дешет Нурлан менен Таалай.“Ак кептер” медиаборборунун атынан “Барбулак” пансионатынын кардарларды тейлөө коллективине чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.

“Барбулакка” келип ден соолугуңуздарды чындап кетиңиздер.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 21.07.2017-жыл.