Мырза Гапаров, пьеса “Туздуу чөл”, Геннадий Базаров, художественный фильм “Соленая долина”.
Кыргыздын ыйык Ысык-Көлүнүн жээгинде, “Барбулак” ысык суусунун жанында көркөм тасма тартылып жатыптыр. Кинону кыргыздын чыгаан кинорежиссеру,
кыргыз киносунун классиги Геннадий Садырович Базаров жетектеген чыгармачыл топ тартып жатыптыр деген, кеп угуп калдык. Алар менен көлдүн жээгинде, режиссер жана актерлор эс алууда жүргөндө жолугуп, тартынып жатып, араң 3- күнү дегенде Геннадий Базаров менен учурашып, өзүбүздү тааныштырып, ” бизге интервью бере аласызбы”,- десек эле, бизди жылуу маанай менен кабыл алып, дароо эле макул болду. Таң калганыбызды билгизбей, суроо берип, эмне кино тартып жаткандыгы тууралуу, кимдин чыгармасы боюнча экени жана кайсы актерлор тартылып жаткандыгы тууралуу бизге кыскача айтып берди.
Актерлор тургузган инсталляция
Кинотасманын орусча аты “Соленая долина” экен, Мырза Гапаровдун “Туздуу чөл” аттуу 80-жылдары жазылган пьесасына жазылган киносценарий боюнча тартылып жатыптыр. Тасмага кыргыздын белгилүү актерлору:Назира Мамбетова, Марат Алышбаев, Замир Сооронбаев, Сакы Карабаев, жаш актриса Гүлсина Чотонова, Жамийла Сыдыкбаева тартылып жатышыптыр жана ошондой эле жаш актер Улан, Геннадий Садыровичтин айтуусу боюнча, “чыгармачыл топко жаккан актер болуп калды”,-дейт.
“Фильмдин 60% тин тартып койдук, буйруса сентябрга чейин тасманы тартып бүтөбүз. Бул философиялык ой жүгүртө турган тасма, Туздуу чөлдө 7 киши жолугат, ар кимиси ал ким, эмне, эмне үчүн жаралгандыгы тууралуу кеп курушат. Менин оюмча бул тасма көңүл ачуу үчүн эмес, көрүүчүлөрдү ойлондура турган, ойлонууга түрткү бере турган, менин мурдагы тасмаларымдай эле болот болуш керек”,-дейт Геннадий Базаров.
21-июлда Көлдө тасманын 60 пайызы тартылып, Базаровдун тобу Барбулактан чыгып кетишти.
“Ак кептер” мультимедиаборборунун атынан Геннадий Садырович Базаровго чың ден соолук, чыгармачыл топко ийгилик жана жаңы тартылып жаткан тасманы аяктап, көрүүчүлөргө тартуулап, тасма ийгилик алып келүүсүн каалайбыз!!!
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, “Ак кептер”, 21.07.2017. “Барбулак” пансионаты.