Жаңы окуу жылынын башталышына аз эле калды. Окуучунун эң негизги окуу куралы бул китеп эмеспи… 
Кара-Суу орто мектебинин окуучулары китеп ала башташты. Быйылкы окуу жылына мектептин китепканасы кандай даярдык менен келгендиги тууралуу маек куруп берели…
Сөз мектептин китепканачысы Айниза эжеде: 
“Кара-Суу орто мектеби китеп менен камсыз боло баштады. Көп эле класстар китеп алып коюшту. Бирок китептердин абалы начар, эски. Өзгөчө 2-класстын китептери начар абалда.
Жаңы китеп жок, жетпей жатат окуучуларга. Быйыл китеп үчүн аренда акысы киргизилет.”
1-класстын мугалими Насыранбекова Маруфат:
”Бүгүн балдарга китеп алдым. Окуучулардын саны быйыл көп, ошондуктан китеп жетпей калды. Кээ бир китептердин абалдары да начар, эски”.
4-класстын мугалими Джумалиева Гүлмира:
“Кээ бир китептер жаңы; адеп, математика жетишпей калды, калгандары толук жетти. Математика сабагын окутуу быйыл кыйынчылыкты туудурат ко..”.
Кара-Суу орто мектебинде 100 жетпеген окуучу бар. Бирок ошого карабастан, китеп менен камсыз кылуу жыл сайын кыйынчылыктарды жаратып келе жатат. 
Даярдаган: Азаркулова Э., 28.08.2017. “Ак кептер”.